Кыргызстанда шаарды жарыктандыруу долбоору талкууланды
Кытайдын Longteng Lighting Group Co., Ltd. компаниясы Кыргызстанда көчө жарыктандыруу жана шаардык инфраструктураны жаңылоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Бул маселе Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров менен компаниянын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланды.
Жолугушууда компания архитектуралык жана шаардык жарыктандыруу тармагындагы эл аралык тажрыйбасын тааныштырды. Алар буга чейин BRICS жана Шанхай кызматташтык уюму саммиттери өткөн аянттарды жарыктандыруу долбоорлоруна катышканын белгилешти.
Компания Кыргызстанда көчө жарыктандыруу системаларын орнотуу жана модернизациялоо боюнча инвестициялык долбоорлорго катышууга даяр экенин билдирди. Өзгөчө көңүл алдыдагы Шанхай кызматташтык уюмунун иш-чараларына даярдык көрүү алкагында шаардык инфраструктураны жаңылоого бурулду.