Кыргызстанда сот чакыруулары эми SMS жана e-mail аркылуу жөнөтүлөт

11-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 214

Кыргыз Республикасынын сот тутумунда сот процесстеринин катышуучуларын электрондук түрдө кабарлоонун заманбап механизми ийгиликтүү ишке киргизилип, учурда активдүү жана натыйжалуу колдонулууда. Бул тууралуу өткөн маалымат жыйынында белгилүү болду.

Пресс-конференцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Аппарат Жетекчисинин орун басары Аман Джумалиев, ошондой эле сот тутумун санариптик өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү — Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Азамат Узакбаев, Ош шаардык сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев жана Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Нурайым Кенжетаева катышты.

Мурда жарандар сот чакырууларын кагаз түрүндө бир нече жума күтүүгө аргасыз болуп, бул сот процесстеринин создугушуна алып келчү негизги себептердин бири катары айтылып келген. Тактап айтканда, тараптардын сотко өз убагында кабардар болгонун тастыктоочу маалыматтын жетишсиздиги көйгөй жаратып келген.

Электрондук кабарлоо системасына өтүү менен бул жагдай олуттуу түрдө өзгөрдү. 2026-жылдын май айында эле «Сот» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу сот процесстеринин катышуучуларына 10 634 SMS-билдирүү жөнөтүлгөн. Учурда сот отурумунун күнү, убактысы жана өтүүчү жери тууралуу маалымат автоматтык түрдө SMS жана электрондук почта аркылуу жеткирилет. Мындан тышкары, отурум алдында кошумча эскертүү жөнөтүү механизми да иштейт.

Санариптештирүү сот иштерин кароо мөөнөттөрүн кыскартуу менен катар олуттуу экономикалык үнөмдөөнү да камсыз кылууда. Мурда почта аркылуу билдирүүлөрдү жөнөтүүгө ири каражат сарпталып келген. Тактап айтканда, 2024-жылы Жогорку соттун почта чыгымдары 6,5 миллион сомдон ашса, жергиликтүү соттордо бул көрсөткүч болжол менен 67 миллион сомду түзгөн. Ал эми 2025-жылы сот иштерине байланыштуу жалпы почта чыгымдары 83,5 миллион сомго жеткен.

Жаңы система бул чыгымдарды кыскартууга жана адам ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт. Мындан ары сот аппараттары миңдеген каттарды даярдоо, таңгактоо жана жөнөтүү сыяктуу кол эмгегин талап кылган иштерден бошотулат.

Мыйзамдарга ылайык, соттор процесстин катышуучуларын кабардар кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү. Ушуга байланыштуу процессуалдык мыйзамдарга заманбап байланыш каражаттары аркылуу билдирүү жөнөтүүнү жөнөкөйлөткөн өзгөртүүлөр киргизилген. Бүгүнкү күндө электрондук билдирүүлөр юридикалык күчү жагынан салттуу почта аркылуу жөнөтүлгөн сот чакырууларына тең укуктуу деп эсептелет.

Маалымат жыйынында жарандар сотко кайрылууда же арыз берүүдө өздөрүнүн актуалдуу телефон номерлерин жана электрондук почта даректерин туура көрсөтүүсү маанилүү экени белгиленди. Бул билдирүүлөрдүн өз убагында жеткирилишин камсыздайт.

Ошондой эле судьялар жарандарды сак болууга чакырып, «Сот» автоматташтырылган маалыматтык системасынан жөнөтүлгөн расмий SMS жана электрондук каттарда эч качан шектүү шилтемелер болбой турганын өзгөчө белгилешти.

11-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 214
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X