Кыргызстанда сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстандын аймагында бир күн ичинде жалпы жонунан 12 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 13 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыктары төмөнкү аймактарда катталган:
-
Бишкек шаарында – 3 учур,
-
Ош шаарында – 1 учур,
-
Чүй облусунда – 3 учур,
-
Жалал-Абад облусунда – 3 учур,
-
Ысык-Көл облусунда – 2 учур.
Белгилей кетсек, куткаруу иштери боюнча кайрылуулар болгон эмес жана чыгуу катталган эмес.