Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт катталды

8-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15

Кыргызстанда соңку сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпысынан 19 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.

Өрт кырсыктары аймактар боюнча төмөнкүдөй катталган:

  • Чүй облусу — 6 учур;
  • Бишкек — 2 учур;
  • Ысык-Көл облусу — 2 учур;
  • Ош облусу — 2 учур;
  • Нарын облусу — 2 учур;
  • Ош — 1 учур;
  • Баткен облусу — 1 учур.
8-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X