Кыргызстанда сутка ичинде 9 миңден ашуун адам вакцина алды

5-октябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 20

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 270 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 437 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 833 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 839 миң 901 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 635 миң 491 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

5-октябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X