Кыргызстанда суткалык электр энергиясын керектөө 47 млн кВт•сааттан ашты
Кыргызстанда өткөн сутка ичинде электр энергиясын керектөө 47,063 млн кВт•саатты түздү. Өлкөнүн энергетика тутуму учурда штаттык режимде иштеп, электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр же технологиялык бузулуулар катталган жок. Бул тууралуу КРнын Энергетика министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 28-июлуна карата республика боюнча электр менен камсыздоо туруктуу жүрүүдө. Ошол эле учурда алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында электр тармактарынын объектилеринде пландуу оңдоо иштери уланууда.
Пландуу оңдоо иштеринин графиги менен керектөөчүлөр «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын расмий сайтынан жана «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу тааныша алышат.
Энергетика министрлиги жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырып, өзгөчө кечки эң жогорку жүктөм болгон сааттарда керектөөнү мүмкүн болушунча азайтуу маанилүү экенин белгиледи.
Министрликтин маалыматына ылайык, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу энергетика тутумунун ишенимдүү, туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого, ошондой эле күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүүгө өбөлгө түзөт.