Кыргызстанда суудагы “Формула-1” расмий спорттун түрү макамын алды

2-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 130

Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан F1H2O суудагы “Формула-1” чемпионаты өлкөдө бул спорттун өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүк ачты. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаевдин айтымында, суудагы “Формула-1” мамлекеттик реестрге киргизилип, расмий түрдө спорттун түрү макамын алды.

Ал белгилегендей, чемпионатты өткөрүү үчүн зарыл болгон инфраструктура болгону эки айдын ичинде даярдалган. Ал эми 2027-жылдан тартып бул мелдештерди түздөн-түз Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги уюштуруп өткөрөт.

Ошондой эле спортчуларды мамлекеттик деңгээлде каржылоо пландалууда. Бул үчүн өзүнчө бюджет каралып, мелдештер бирдиктүү календардык планга киргизилип, мамлекет тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, F1H2O боюнча дүйнө чемпионатынын этабы Ысык-Көлдө 31-июлдан 2-августка чейин өтүүдө.

2-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 130
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X