Кыргызстанда токой өстүрүүгө ылайыктуу участоктор аныкталды
Бишкекте Кыргызстандагы мамлекеттик токой фондунун аймагында токой өстүрүүгө жана деградацияланган токойлорду калыбына келтирүүгө ылайыктуу участокторду аныктоо боюнча долбоордун жыйынтыктары чыгарылды.
Долбоордун алкагында өлкөдөгү 26 токой чарбасы изилденип, токойду калыбына келтирүүгө ылайыктуу аймактарды аныктоонун методикасы иштелип чыкты. Ошондой эле атайын карталар жана топурак карталары түзүлүп, токой өстүрүү үчүн жерлердин жарактуулугун баалоо ыкмалары сунушталды.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында токой ресурстарын мындан ары пландаштыруу жана башкаруу үчүн керектүү вектордук маалыматтар даярдалып, учурдагы ченемдик-укуктук база талданды.
Долбоорду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын жетекчилиги алдында «САМР Алатоо» консалтинг компаниясы ишке ашырган. Долбоор Германия өкмөтүнүн тапшырмасы менен GIZ тарабынан колдоого алынган.
Жыйынтыгында иштелип чыккан бардык материалдар Токой кызматына өткөрүлүп берилип, алар токой ресурстарын башкарууда, климаттык инвестицияларды тартууда жана токой экосистемаларын калыбына келтирүү боюнча жаңы долбоорлорду пландаштырууда колдонулат.
Тегерек столдо адистер токой секторун климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу жана өлкөдө токойлорду көбөйтүү боюнча кийинки кадамдарды талкуулашты.