Кыргызстанда төрөттүн саны азайды
Кыргызстанда 2025-жылы 140 миң 500 бала төрөлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылы өлкөдө 150 миң 200 бала төрөлгөн. Демек, акыркы төрт жыл ичинде төрөлгөн ымыркайлардын саны азайган.
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы төрөлүү коэффициенти калктын ар бир миң адамына 19,1 төрөлгөн ымыркайды түздү. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 12,9 пайызга төмөн. Ал жылы ар бир миң адамга 21,9 төрөлгөн ымыркай туура келген.
2025-жылы төрөлүү деңгээли эң жогору Баткен облусунда катталып, ар бир миң адамга 23,4 ымыркайдан туура келди. Ош облусунда бул көрсөткүч 22,1ди, Жалал-Абад облусунда 21,7ни, ал эми Нарын облусунда 20,8ди түзгөн.
Жыныстык курамы боюнча олуттуу өзгөрүү болгон жок. Төрөлгөн балдардын 51 пайызы уулдар, 49 пайызы кыздар болду. Бул катыш өлкөдө акыркы бир нече жылдан бери сакталып келет.
Ошол эле учурда төрөлгөн балдардын саны азайып жатканына карабастан, өлкө калкынын саны өсүүнү улантууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башына карата Кыргызстанда 7,4 миллиондон ашуун адам жашайт.