Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды

20-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери жашап жатат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ардагерлердин ичинен 8и согуштун түз катышуучулары болуп саналат. Алар аймактар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунун Жайыл районунда – 2, Нарын облусунун Ат-Башы районунда – 1, ал эми Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда – 1 ардагер жашайт.

Мындан тышкары, өлкөдө Ленинград блокадасын башынан өткөргөн 10 адам жана концлагерлердин мурдагы 6 туткуну бар экени белгиленди.

20-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X