Кыргызстанда жаан карга айланып, үшүк жүрөт

9-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 176

Кыргызстанда 10–11-ноябрда аба ырайы кескин өзгөрөт. Жаан жаап, 11-ноябрда айрым аймактарда карга айланат. Тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн.

Маалыматка ылайык, 10-ноябрда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. 11-ноябрда жаан карга айланып, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Ошондой эле айрым жерлерде туман түшүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге жетиши мүмкүн.

Мындан тышкары, 11–13-ноябрда абанын температурасы төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4 градустан +1 градуска чейин, күндүз 2–7 градус жылуу болот. Талас облусунда түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 1–6 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1–6, күндүз 4–9 градус жылуу болот. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 3–8 градус жылуу болсо, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9 градуска чейин суук түшүп, күндүз 2–7 градус жылуу болот.

Тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2 градус, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7 градус суук болушу күтүлүүдө.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатышы мүмкүн. Катуу жаан-чачын учурунда жолдордо көрүү аралыгы азайып, унаалардын кыймылына тоскоолдук жаралат. Ал эми тоолуу аймактардагы жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Айдоочуларга жолдо этият болуу сунушталат.

9-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 176
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X