Кыргызстанда жаңы «Юстиция үйлөрү» курулууда

14-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 237

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өлкө аймактарында укуктук жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган ири инфраструктуралык программаны ишке ашырууда. Программанын алкагында республика боюнча заманбап «Юстиция үйлөрү» курулуп, айрым объекттер капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.

Маалыматка ылайык, жаңы борборлор жарандарга «бир терезе» принциби аркылуу комплекстүү укуктук кызмат көрсөтөт. Бир имаратта мамлекеттик нотариустар, юридикалык жардам кызматтарынын адвокаттары жана пробация кызматкерлери иш алып барышат.

Жалпысынан программа өлкө боюнча 14 объектти камтыйт. Анын алкагында 11 миң чарчы метрден ашык жаңы жана толук реконструкцияланган административдик жайлар пайдаланууга берилери күтүлүүдө.Возможно, это изображение один или несколько человек

Долбоорлор республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренесинин, Юстиция министрлигинин ички фонддорунун жана атайын эсебинин каражаттарынын, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдеринин негизинде каржыланууда.

Возможно, это изображение текст

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X