Кыргызстанда жапайы жаныбарлар арасындагы ооруларга мониторинг күчөтүлөт

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 127

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жапайы жаныбарлар арасында оорулардын жайылышын алдын алуу маселелерине арналган ведомстволор аралык жумушчу кеңешме өткөрүлдү.

Министрликтен билдиришкендей, жыйынга Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоют кызматынын, Саламаттык сактоо министрлигинин Өзгөчө кооптуу жана карантиндик инфекцияларды алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча республикалык борборунун, Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин, ошондой эле Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө жапайы жаныбарлар арасындагы эпизоотиялык абалга мониторинг жүргүзүү, биргелешкен текшерүүлөрдү жана лабораториялык изилдөөлөрдү уюштуруу, ошондой эле оорулар же жаныбарлардын массалык кырылуу учурлары катталганда ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле мамлекеттик органдар менен илимий мекемелердин ишин координациялоо, өзгөчө кооптуу оорулардын жайылышына жол бербөө жана өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча чаралар каралды.

Жыйындын жыйынтыгында тараптар мониторингди күчөтүү, маалымат алмашууну жакшыртуу, ооруларды эрте аныктоо системасын өркүндөтүү жана ветеринардык-санитардык, илимий жана жаратылышты коргоо багытындагы биргелешкен иш-чараларды улантуу боюнча макулдашты.

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 127
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X