Кыргызстанда жашоо минимуму 9 873 сом болду
2026-жылдын экинчи чейрегинде Кыргызстанда жан башына эсептелген орточо жашоо минимуму айына 9 873,28 сомду түздү. Бул биринчи чейрекке салыштырмалуу 582,39 сомго көп. Маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады.
Эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимуму 11 063,15 сом болду. Анын ичинде эркектер үчүн көрсөткүч 11 320,67 сом, аялдар үчүн 11 005,42 сом деп эсептелди.
Керектөө куржунунун негизги бөлүгүн азык-түлүк түзүп, анын орточо баасы 6 417,63 сомго жетти. Эң көп чыгым эт жана эт азыктарына (2 171,26 сом), сүт азыктарына (1 202,38 сом), нан азыктарына (796,85 сом) жана мөмө-жемиш менен жашылчаларга (773,52 сом) туура келет.
Азык-түлүк эмес товарларга орточо 1 579,72 сом, кызмат көрсөтүүлөргө 1 678,46 сом, салыктарга 197,47 сом каралган.
Аймактар арасында эң жогорку жашоо минимуму Бишкек шаарында — 10 229,91 сом, андан кийин Жалал-Абад облусунда — 10 022,58 сом катталды. Эң төмөнкү көрсөткүч Талас облусунда — 8 784,97 сом болду.