Кыргызстанда «жашыл» көндүмдөрдү билим берүү системасына интеграциялоо маселеси талкууланды

19-июнь, 2026-ж. / Редакция / Билим 224
2026-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин төрагалыгы алдында «жашыл» көндүмдөрдү өнүктүрүү жана аларды билим берүү системасына интеграциялоо маселелерине арналган ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү.

Техникалык семинар форматында уюштурулган иш-чарага мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин, жеке сектордун жана эл аралык өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар улуттук стратегиялардын, окуу программаларынын жана билим берүү материалдарынын өлкөнүн климаттык милдеттенмелерине жана эмгек рыногунун «жашыл» компетенцияларга болгон муктаждыктарына шайкештиги боюнча жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктарын карап чыгышты. Ошондой эле эмгек рыногу, билим берүү системасы жана туруктуу өнүгүү процесстеринин өз ара байланышы, «жашыл» көндүмдөрдү билим берүү саясатына интеграциялоо жана адилеттүү өтүү принциптерин кадрларды даярдоо системасына киргизүү маселелери талкууланды.

Возможно, это изображение один или несколько человек и текст "NER TM FPR ADB ทันวินจุกกู่ 25 CAREC အျ ми НИСТЕРС TBOI ПРОСВЕщЕНИЯ ГЫЭСКОи ВЗскоиРеСГуБЛЮИ ЕСГУБЛИКИ Технический семинар для членов межведомственной рабочей группы под председательством Министерства просвещения Кыргызской Республики 18 2026 а, Бишкек"

Агартуу министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова белгилегендей, семинар климаттын өзгөрүшүнүн социалдык аспектилерин жана билим берүү системасынын туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуудагы, ошондой эле татыктуу жумуш орундарын түзүүдөгү ролун тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди. Анын айтымында, иш-чаранын алкагында эл аралык тажрыйба жана алдыңкы практикалар менен бөлүшүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, аларды Кыргызстандын шарттарына ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү «жашыл» өсүштүн принциптерин эске алуу менен кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык максаттардын алдын ала тизмесин иштеп чыгышты. Бул сунуштар билим берүү жана иш менен камсыз кылуу тармагындагы улуттук саясаттарды жана стратегияларды мындан ары өркүндөтүүгө негиз болору белгиленди.Возможно, это изображение текст "JFPR a G Reui Reua ADB Frore IhePeopltaJape Japan 25 CAREC CentralAsi entriAsisRegronal siaRegional Econuma МИНИСТЕРСТВО ПРОСвеЩЕНИЯ КЫргыВскоЙРеспуБлики КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ Технический семинар для членов межведомственной рабочей группы под председательством Министерства просвещения Кыргызской Республики 18 ИЮня 2026 года, Г. Бишкек"

Жыйын ведомстволор аралык кызматташууну чыңдоодо жана Кыргыз Республикасынын климаттык максаттарына жетүүдө билим берүү системасынын ролун жогорулатууда маанилүү кадам катары бааланды.

Иш-чара Азия өнүктүрүү банкы тарабынан колдоого алынган «Борбордук Азиянын регионалдык экономикалык кызматташтыгы (ЦАРЭС) программасынын алкагында жашыл көндүмдөрдү өнүктүрүүнү чыңдоо» техникалык жардам долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X