"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда «Жер балансы» автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыкты

«Санариптик Кыргызстан» программасын ишке ашыруу максатында «Жер балансы» автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС) иштелип чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын жер балансы боюнча вектордук жана тексттик маалыматтарды жүктөө үчүн борбордук маалымат базасы жана жер фондун графикалык эсепке алуу системасы түзүлүп, веб-ресурс (геопортал) иштелип чыкты. Азырынча санариптик продукт убактылуу виртуалдык серверде жайгаштырылган. Башка маалымат ресурстары менен интеграциялоо, маалыматтарды жүктөө, отчеттуулук жана башкалар күтүлүүдө. Учурда тестирлөө иштери жүрүп жатат.

Маалымат үчүн: «Жер балансы» — жердин категорияларын, түрлөрүн, менчик ээлери жана жерди пайдалануучулар боюнча бөлүштүрүлүшүн, ошондой эле жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын компетенциясынын чегинде жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууну (трансформациялоо) чагылдырган документ.

«Жер балансы» автоматташтырылган маалыматтык системасынын негизги максаты:

— жер участоктору боюнча эсептик маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну жана сактоону жана аларды картографиялык материалдар менен байланыштырууну автоматташтырууну камсыз кылуу;

— маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;

— бардык катышуучулардын өз ара аракеттенүүсү үчүн толук же жарым-жартылай бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти камсыз кылуу;

— катышуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүү процесстерин жөнөкөйлөтүү.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!