Кыргызстандагы ар бир бакка санариптик паспорт берилет

23-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 136

Кыргызстанда шаарлардын жана айылдардын жашыл аймактарын коргоону күчөтүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды.

Документке ылайык, парктар менен скверлердин аянтын кыскартууга тыюу салынат. Кыйылган ар бир бактын ордуна куруучу кеминде 5 ири көчөт отургузуп, аларды 3 жыл багууга милдеттүү болот.

Ошондой эле 10дон ашык бак-дарактарды кыюуну караган долбоорлор экологиялык экспертизадан өтөт.

Мындан тышкары, ар бир бакка санариптик паспорт берилип, электрондук реестр түзүлөт.

Курулуш учурунда бактарга зыян келтиргендерге айып пул салуу сунушталууда: жарандарга — 7 миң сом, юридикалык жактарга — 13 миң сом.

23-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 136
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X