Кыргызстандагы көлдөрдө экологиялык рейддер күчөтүлдү
Кыргызстандын суу сактагычтарында жана көлдөрүндө экологиялык кылмыштарга каршы рейддик иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы маалымдады.
Мекеменин маалыматына ылайык, 1-майдан 10-майга чейин өлкө боюнча 125 рейд өткөрүлүп, анын жыйынтыгында экологиялык коопсуздук багытында 137 мыйзам бузуу фактысы аныкталган.
Рейддердин жүрүшүндө Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүнөн, ошондой эле Токтогул суу сактагычы, Орто-Токой суу сактагычы жана Киров суу сактагычы аймактарынан жалпысынан 9 миң метрге жакын мыйзамсыз синтетикалык тор жана 300 килограмм таштанды чыгарылган.
Мындан тышкары, жыл башынан бери инспекторлор суу түбүнөн 46 миң 300 метр эски синтетикалык торду жана 1 миң 60 килограмм таштандыны тазалашкан.
Маалыматта белгиленгендей, мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөштүн алкагында жалпы 416 миң 658 сом өлчөмүндө айып пул жана доо өндүрүлгөн.
Белгиленгендей, бул иш-чаралар Кыргызстандын президентинин балык уулоого жана синтетикалык торлорду колдонууга тыюу салган жарлыктарын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.