Кыргызстандагы жаңы тоо-лыжа курорту Axess AG технологиялары менен жабдылат
«Ала-Тоо Резорт» ААК менен австриялык Axess AG (Team Axess) компаниясы кызматташуу боюнча келишим түздү. Анын алкагында келечектеги тоо-лыжа курорту заманбап кирүүнү көзөмөлдөө, билет сатуу жана башкаруу системалары менен камсыздалат.
Axess AG жабдууларды жана программалык камсыздоону жеткирип, аларды орнотуу, жөндөө, сыноо жана ишке киргизүү иштерин жүргүзөт.
Долбоор аяктагандан кийин курорт коноктордун кирип-чыгуусун көзөмөлдөөгө, ски-пасс сатууга жана кызматтарды натыйжалуу башкарууга мүмкүндүк берген автоматташтырылган системага ээ болот.
Axess AG — дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндөгү тоо-лыжа курорттору жана туристтик объектилер үчүн санариптик чечимдерди сунуштаган алдыңкы австриялык компаниялардын бири.