Кыргызстандан «Билимдин муз жаргычы» эл аралык долбооруна рекорддук сандагы арыз түштү. Түндүк уюлга «Жеңишке 50 жыл» атомдук муз жаргычы менен уюштурулуучу экспедицияга катышуу үчүн мектеп окуучулар арасында тандоо сынагы уланууда.
“Росатом” уюштурган долбоорго дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн 1400дөн ашуун өспүрүм катталган. Кыргызстан бул жолу эң активдүү катышуучулардын бири болду.
Учурда катышуучулар сынактын экинчи этабында “Росатомдун” технологиялары боюнча вебинарларга катышып, билим деңгээлин текшерген тапшырмаларды аткарып жатышат. Жыйынтыгында ар бир өлкөдөн ТОП-10 финалист тандалып, мыктылары 2026-жылдын августунда Түндүк уюлга экспедицияга жолдомо алышат.