Кыргызстандан сүт азыктарынын экспорту 16,7%га өстү

2026-жылдын январь–апрель айларында Кыргызстандан экспорттолгон сүт азыктарынын көлөмү 11 миң 799 тоннаны түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу болжол менен 16,7 пайызга көп.

Экспорттун өсүшүнө айрым сүт азыктарына болгон тышкы суроо-талаптын көбөйүшү негизги таасирин тийгизген. Атап айтканда, кычкыл сүт азыктарынын — курут, кымыз жана башка продукциялардын экспорту 116,5 тоннаны түзгөн. Ошондой эле сүттүн сары суусу 164 тонна, майсыз кургатылган эчки сүтү 17,6 тонна экспорттолгон. Мындан тышкары, сүт коктейлинин экспорту 2,2 тонна, каймак 1,6 тонна болгон.

Ошол эле учурда айрым продукциялар боюнча экспорт көлөмү азайганы белгиленди. Тактап айтканда, сары май, кургак сүт, сыр жана балмуздактын экспорту өткөн жылга салыштырмалуу төмөндөгөн.

Министрликтин маалыматына караганда, өлкөдө сүт экспортунун жалпы оң динамикасы сакталууда. Экспорттук ассортименттин кеңейиши жана жаңы продукция түрлөрүнүн тышкы рынокко чыгышы тармактын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X