Кыргызстандык эксперт-криминалисттер эл аралык окуудан өтүштү
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалисттик кызматынын кызматкерлери Россия Федерациясынын ИИМинин адистери өткөргөн квалификацияны жогорулатуу курсун ийгиликтүү аяктап, сертификаттарга ээ болушту.
Окуу соттук генетиканын заманбап ыкмалары, геномдук изилдөөлөр жана криминалистиканын жаңы технологиялары боюнча өткөрүлдү. Салтанаттын жүрүшүндө эки өлкөнүн эксперттик кызматташтыгына салым кошкон россиялык адистер да сыйланды. Борбордун башчысы Вадим Казьмин «Кыргыз милициясына 100 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланды.