Кыргызстандык окуучулар эл аралык физика олимпиадасында байгелүү орундарга ээ болушту

2-июль, 2026-ж. / Редакция / Билим 169

2026-жылдын 21–30-июнь күндөрү Москва шаарында өткөн 4-Илимий-физикалык олимпиадага (ISPhO 2026) 30 өлкөдөн 148 окуучу катышты.

Кыргызстандын атынан 10 окуучудан турган команда күч сынашып, жыйынтыгында 1 күмүш медаль, 3 коло медаль жана 3 Ардак грамота жеңип алды.

Күмүш медаль — Айтегин Эмилбековге, коло медалдар — Темирхан Салиев, Умар Туташбаев жана Ахмед Абылаевга ыйгарылды. Ардак грамоталарды Истеми Тазабеков, Марсель Касымов жана Нурбол Мырзабеков алышты.

Команданы Салижан Кылычбеков, Андрей Сидоренко, Чынтемир Сабыров жана Эмир Анаралы уулу даярдашты.

Бул жыйынтык кыргызстандык окуучулардын эл аралык деңгээлдеги даярдыгы жогору экенин дагы бир жолу көрсөттү.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X