Кыргызстандык окуучулар INFO1CUP олимпиадасында 7 медаль жеңди
Румыния уюштурган INFO1CUP эл аралык информатика олимпиадасына 16 өлкөдөн 189 окуучу катышты. Онлайн видео көзөмөл форматында өткөн мелдешке Кыргызстандан 8 окуучу катышып, 7 медаль жана 1 сертификат алышты. Тагыраагы кыргызстандык окуучулар 2 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медалга ээ болушту.
Алтын медаль алгандар:
– Абдирасулов Абдуллахан (10-класс, «Сейтек STEM» мектеби), машыктыруучусу — Кылычбек Урайымов;
– Мананов Рамазан (10-класс, «Сейтек STEM» мектеби), машыктыруучусу — Кылычбек Урайымов.
Күмүш медаль алгандар:
– Джаныкеев Саид (10-класс, «Сейтек STEM» мектеби), машыктыруучулары — Кылычбек Урайымов, Бексултан Алмазбеков;
– Сыдыков Эмирхан (8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби), машыктыруучусу — Евгений Кичак.
Коло медаль алгандар:
– Абдувалиев Бектен (8-класс, International School of Kyrgyzstan), машыктыруучусу — Мирбек Бакиров
– Исраилов Азирет (9-класс, Intellect School), машыктыруучусу — Медербек Осмонов;
– Баимырзаев Аруубек (9-класс, «Акылман» президенттик лицейи), машыктыруучусу — Медербек Осмонов.
Ал эми Мавлянов Актан (9-класс, Intellect School) активдүү катышкандыгы үчүн сертификатка ээ болду.