Кыргызстандык сүйүшкөндөр Москвада баш кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду

31-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 178

Кыргызстандык сүйүшкөн түгөйлөр Москва шаарында өтө турган масштабдуу үйлөнүү үлпөт фестивалынын алкагында никесин расмий каттатууга мүмкүнчүлүк алышты.

8–9-июль күндөрү Орусиянын борборундагы Улуттук «Россия» борборунда Үй-бүлө, сүйүү жана берилгендик күнүнө арналган III Бүткүл россиялык «Россия. Жүрөктөрдү бириктирген» үйлөнүү үлпөт фестивалы өтөт. Иш-чаранын уюштуруучулары катышуучулардын жол кире, жатакана жана тамак-аш чыгымдарын толугу менен өз мойнуна алышат.

Долбоорго катышуу үчүн болочок жубайлар сынактык тандоодон өтүшү керек. Алар фестивалдын расмий сайты аркылуу катталып, ошондой эле Москвадагы Шипилов нике сарайына документтерин жеке тапшыруусу зарыл. Арыздарды кабыл алуу 29-майда жыйынтыкталат.

Фестивалдын программасы бай жана кызыктуу болот. Нике каттоо аземинен тышкары, ар кайсы өлкөлөрдөн келген жүздөгөн түгөйлөр Москва дарыясында теплоход менен сейилдөөгө, «Россиянын жүрөгү» аттуу үй-бүлөлүк очоктун отун символикалык өткөрүп берүү салтанатына, ошондой эле экскурсияларга жана маданий иш-чараларга катышат.

Үйлөнүү үлпөт фестивалы үчүнчү жыл катары менен уюштурулуп келет. Долбоор башталгандан бери анын алкагында 427 түгөй расмий түрдө никеге турган. Быйылкы фестивалга катышуу үчүн уюштуруучуларга 100дөн ашуун жаңы арыз түшкөн.

31-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 178
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X