Кыргызстандыктар Сейшел аралдарына визасыз бара алышат

9-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Мыйзамдар 196

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2026-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «2026-жылдын 11-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Сейшел Аралдары Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам жогоруда белгиленген Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууга багытталган.

Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Сейшел Аралдары Республикасынын жарандары Макулдашуунун тараптарынын аймагында 30 (отуз) күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптардан бошотулаары каралган. Мында жарандардын 1 (бир) календардык жыл ичинде мамлекеттердин аймагында жүрүүсүнүн жалпы узактыгы 90 (токсон) күндөн ашпоого тийиш.

Аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

9-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Мыйзамдар 196
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X