Кыргызстандыктар үчүн Кытайдагы Гуйлинь технологиялык университетинде окууга тандоо башталды

6-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 158

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кытай Эл Республикасынын Гуйлинь технологиялык университетинде 2026–2027-окуу жылына карата билим алуу боюнча стипендиялык орундарга тандоо жарыяланды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы жети стипендиялык орун каралган. Анын ичинен экөө бакалавриат программасына, бешөө магистратура программасына бөлүнгөн.

Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 3-июлунан 8-июлуна чейин жүргүзүлөт.

Тандоого катышууну каалагандар министрликтин маалыматтык системасы аркылуу каттоодон өтүп, керектүү документтердин толук топтомун электрондук форматта жүктөөгө тийиш.

Сынакка университеттин талаптарына жооп берген жана белгиленген мөөнөттө бардык документтерин толук тапшырган Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат.

6-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 158
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X