Кыргызстандыктар үчүн Түркияда жашоо жана иштөө жеңилдеши мүмкүн

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 159

Кыргызстан менен Түркия жарандардын жүрүп-туруусуна байланышкан миграциялык тартипти жөнөкөйлөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында өткөн онлайн-жыйында айтылды.

Маалыматка ылайык, учурда . Алардын 21 миң 758и жашоого жана иштөөгө расмий уруксат алган. Ошол эле учурда мыйзамсыз миграция маселеси да күн тартибинде калууда.

Жыйында министрдин Түркияга болгон акыркы иш сапарында кыргызстандыктар үчүн жашоого уруксат алуу төлөмдөрүн төмөндөтүү жана эки өлкөнүн жарандарынын ID-карта аркылуу өз ара жүрүүсүн жөнөкөйлөтүү сунуштары көтөрүлгөнү белгиленди.

Жээнбек Кулубаев тиешелүү сунуштарды түрк тарап менен биргеликте иштеп чыгып, аларды мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө ишке ашыруу боюнча тапшырма берди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X