Кыргызстандыкты уурдаган видео тарады: Москвада үч шектүү кармалды
Москвада кыргызстандык жаранды күч колдонуп уурдаган деп шектелген үч кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Окуя 5-октябрда Москва шаарында болгон. Социалдык тармактарда бир нече адам эркек кишини күч колдонуп унаага салып кеткен видео тараган.
ТИМдин маалыматына караганда, окуяга катышкандардын баары Кыргызстандын жарандары.
Учурда Орусиянын укук коргоо органдары үч шектүүнү кармап, аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси — «Адам уурдоо» боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.
Уурдалган жаран да Кыргызстандын жараны. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана ИИМдин өкүлчүлүгү орус тараптын укук коргоо жана тергөө органдары менен байланышта.
ТИМ окуяны көзөмөлдөп жатканын билдирди.