Кыргызстандын 8 ишканасына Кытайга экспорттоого уруксат берилди

12-февраль, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 103

2026-жылдын 12-февралынан тартып Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы Кыргызстандын сегиз ишканасын Кытайга экспорттоого уруксат берилген ишканалардын расмий тизмесине киргизди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, чечим Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгында кабыл алынган.

Кытай рыногуна чыгууга уруксат алган ишканалар: «Ат Башы Трейд», «Алия», «Гермес Ко ЛТД», «Жол-Аман», «Таалай Групп», «Wool KG», «Опэн Трейд» жана «Торугарт Трейд» ЖЧКлары.

Аталган ишканалар ири мүйүздүү малдын терисин жана майда мүйүздүү малдын жүнүн кайра иштетет.

12-февраль, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X