Кыргызстандын айрым аймактарында дрондордун жана жеңил авиациянын учуусуна чектөө киргизилди

29-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89

Кыргызстандын бир катар аймактарында учкучсуз учуучу аппараттардын (дрондордун) жана жалпы багыттагы авиациянын аба кемелеринин учуусуна убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, чектөөлөр учуу коопсуздугун камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо жана өлкөдө өтө турган эл аралык иш-чаралардын коопсуз өтүшүн камсыздоо максатында кабыл алынды.Дроны под контроль, новые сборы для авиакомпаний: в КР изменили Воздушный  кодекс - | 24.KG

Чектөө төмөнкү мөөнөттөрдө күчүндө болот:

  • 27-июлдан 3-августка чейин — Ысык-Көл облусунун түндүк жээгинде;
  • 27-августтан 10-сентябрга чейин — Ысык-Көл облусунда, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда;
  • 10-сентябрдан 15-сентябрга чейин — Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги дрон ээлерин жана жалпы авиациянын өкүлдөрүн киргизилген чектөөлөрдү так сактоого чакырып, бул чаралар жарандардын, чет өлкөлүк делегациялардын жана эл аралык иш-чаралардын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоого багытталганын белгиледи.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X