Кыргызстандын Антальядагы башкы консулу кызматынан бошотулду
Президенттик Администрациянын маалымат кызматы кабарлагандай, Рустам Кошонов Кыргызстандын Анталья шаарындагы башкы консулу кызматынан бошотулду.
Маалыматка ылайык, мындай чечим башкы консулдун дипломатиялык миссиясынын мөөнөтүнүн аяктаганына байланыштуу кабыл алынды.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бакыт Кадыров Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды.