Кыргызстандын авиация тармагы эл аралык текшерүүдөн ийгиликтүү өттү
Кыргызстандын жарандык авиация тармагындагы реформалары эл аралык деңгээлде оң бааланды. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) миссиясынан олуттуу сын-пикирлерсиз ийгиликтүү өттү.

Министрлер Кабинетине караштуу агенттиктин маалыматына ылайык, миссия 2026-жылдын 30-сентябрынан 7-октябрына чейин өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө эл аралык эксперттер учуулардын коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү тутумунун натыйжалуулугун жана аны жакшыртуу боюнча аткарылган иштерди баалашты.
Миссиянын жыйынтыгы Кыргызстанда учуулардын коопсуздугун камсыздоо тутуму өнүгүп жатканын, жүргүзүлгөн реформалар натыйжа берип, ИКАО белгилеген эл аралык стандарттарды сактоо багытында ырааттуу иштер жүрүп жатканын тастыктады. 
Агенттик миссиянын ийгиликтүү аякташы жетишилген натыйжалардын туруктуулугун жана Кыргызстандын авиация тармагына эл аралык коомчулуктун ишеними бекемделип жатканын көрсөтөрүн белгиледи.