Кыргызстандын балыгы тышкы рынокту багындырууда

11-август, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 94

2026-жылдын жети айында эле өлкөдөн 746,7 тонна балык продукциясы экспорттолду. Бул — 2025-жылы жыл бою экспорттолгон 857,6 тоннанын дээрлик 87 пайызы.

Бүгүнкү күндө кыргызстандык балык продукциясына негизги суроо-талап Россия жана Казакстанда.

Экспорттук багытта учурда 9 ишкана иш алып барууда. Алардын продукциясы ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык талаптарга жооп бергенден кийин тышкы рынокко чыгарылууда.

Өкмөт балык чарбасын өнүктүрүп, өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө басым жасап жатат.

Максат  ички рынокту сапаттуу балык продукциясы менен камсыз кылуу менен катар, кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн тышкы рыноктогу ордун бекемдөө.

11-август, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 94
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X