Кыргызстандын бизнес акыйкатчысы бизнеске кысым болуп жатканын билдирди
Президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Искандер Гаипкулов Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит менен жолугушту. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтында жазылды. Жолугушууда бизнес акыйкатчы учурда мамлекеттик текшерүүчү жана көзөмөлдөөчү органдар бизнеске кысым көрсөтүп жатканын билдирип, мамлекеттик мекемелер Акыйкатчынын мыйзам бузуулар боюнча жиберген актыларын эске албастан, көз жаздымда калтырып жатканын белгиледи. Жыйынтыгында, бизнес акыйкатчы менен президент аппаратынын бөлүм башчысы бизнести коргоо жана колдоо боюнча тыгыз иштешүүнү макулдашышты. Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн жыйындарынын биринде март айында өкмөттүн токтому менен жоюлган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат ушул жылдын январь айында 100 жеке ишкерге, февраль айында дагы 40 бизнесменге кылмыш ишин козгогонун айтып, укук коргоо органдарынын бизнесмендерге жасаган мамилесин катуу сындаган.