Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине талапкерлиги жана тарыхый сабактар

5-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 219

Ортопед Сабырбек Жумабеков социалдык тармактагы баракчасында Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине талапкерлиги жана бул багыттагы тарыхый окуялар боюнча пикирин жазды.

2011-жылы Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Убактылуу Коопсуздук Кеңешине мүчөлүккө талапкер катары көрсөтүлүп, 13-октябрда өткөн шайлоодо Пакистанга утулуп калган. Бул окуяга чейин 1997-жылы Аскар Акаевдин президенттик мезгилинде да Кыргызстан аталган шайлоого катышып, бирок ийгиликке жеткен эмес.

2011-жылдын сентябрь айында Президент Роза Отунбаева, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана мен — ошол учурда саламаттык сактоо министри болуп иштеп турган кезимдеа башка делегация мүчөлөрү менен БУУнун 66-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына барганбыз.

Эсимде, Роза Отунбаева сессия учурунда күнүнө 10–15 мамлекеттин президенттери, премьер-министрлери жана министрлери менен жолугушууларды өткөрүп, Кыргызстандын талапкерлигин колдоону суранган.

БУУнун сессиясы аяктагандан кийин делегациянын бир бөлүгү Кыргызстанга кайтып келген. Ал эми Руслан Казакбаев АКШда калып, 13-октябрда өтүүчү шайлоого чейин дагы көптөгөн эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн.

Тилекке каршы, ошол шайлоодо Кыргызстан Пакистанга утулуп калган. Ошол учурда кошуна айрым мамлекеттердин бизди ачык колдобой, Пакистанды колдоп кеткен.

Бүгүнкү күндө болсо бул багытта жетишилген ийгилик өтө маанилүү тарыхый окуя болуп саналат. Орто Азия аймагында Казакстандан кийин (2017–2018-жылдар), экинчи болуп Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болуп шайланды.

Бул  мамлекетибиздин тышкы саясаттагы туура багытта бара жатканын жана дүйнөлүк коомчулукта Кыргызстандын аброю өсүп жатканын тастыктаган чоң жетишкендик.

Кыргызстандыктарды бул тарыхый жеңиш менен куттуктайм!

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X