Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата жаңы өрт-куткаруу бөлүктөрү ачылды

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 43

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө карата бүгүн, 11-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө аймагындагы бир катар социалдык объекттерди пайдаланууга берүү аземи өттү.

Возможно, это изображение скорая помощь и текст

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өлкө аймагындагы заманбап жабдылган өрткө каршы куткаруу бөлүктөрү да салтанаттуу түрдө ачылды.
Кыргызстанда өрт өчүрүү жана куткаруу кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кызматтын потенциалын жогорулатуу багытындагы иштер акыркы жылдары активдүү жүргүзүлүүдө. Учурда өлкө боюнча 17 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Алардын ичинен 3 объект, тагыраагы, Ысык-Көл облусунун Тоң, Ак-Суу райондорундагы 2 жана Ош облусунун Араван районундагы 1 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди.
Возможно, это изображение текст
Жаңы имараттарда өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу унаалары үчүн токтотуучу бокс, кызматтык жана диспетчердик бөлмөлөр, окуу классы, жуунуучу жай, эс алуу жана тамактануу бөлмөлөрү каралган. Ошондой эле имараттын аймагында окуу мунарасы жана машыгуу үчүн спорттук тренажёрлор менен жабдылган аянтча жайгашкан.
Возможно, это изображение текст

Заманбап имараттардын пайдаланууга берилиши куткаруучулардын иштөө шарттарын жакшыртып, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 43
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X