Кыргызстандын эл аралык аброю жаңы деңгээлге чыкты

5-июнь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 332

Кыргызстан эли үчүн өзгөчө кубанычтуу жана тарыхый мааниге ээ окуя болду. Өлкөбүз эл аралык аренада чоң ийгиликке жетишти. Кыргызстан 191 өлкөнүн ичинен 142 мамлекеттин колдоосу менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланды. Эми Кыргызстан 2027–2028-жылдары дүйнөлүк тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган маанилүү чечимдерди кабыл алуу процессине түздөн-түз катышат. Бул өлкө тарыхындагы эң ири дипломатиялык жетишкендиктердин бири болуп калды.

Мындай колдоо дүйнөлүк коомчулуктун Кыргызстанга көрсөткөн ишениминин, өлкөнүн эл аралык аренадагы кадыр-баркынын жана акыркы жылдардагы саясий-экономикалык багытынын жогорку баасы катары кабыл алынууда.

Чынында эле акыркы жылдары Кыргызстан эл аралык деңгээлде активдүү жана көп векторлуу саясат жүргүзгөн мамлекет катары өзүнүн ордун бекемдеп келди. Өлкө Борбор Азиядагы чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүүгө жетишип, суу ресурстары, климаттык коопсуздук, тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана санариптик трансформация боюнча бир катар маанилүү демилгелерди көтөрдү. Бул багыттардагы дипломатиялык активдүүлүк Кыргызстандын эл аралык диалогдогу ролун кеңейтип, регионалдык туруктуулукка салым кошкон мамлекет катары позициясын күчөткөнүн көрсөтө алды.
Бул процесстердин өзөгүндө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан реформалык саясаты турат. Анын БУУ, ШКУ, Түрк мамлекеттер уюму, ЕАЭБ жана башка эл аралык аянтчалардагы активдүү катышуусу жана кайрылуулары Кыргызстандын үнүн глобалдык деңгээлде угузууга шарт түздү. Айрыкча санариптик өнүгүү, жасалма интеллект, энергетикалык коопсуздук жана аймактык кызматташтык боюнча көтөргөн демилгелери, өлкөнү заманбап трансформациялык процесстерге шайкеш өнүгүп жаткан мамлекет катары көрсөттү.

Албетте, буга кошумча өлкөнүн ички өнүгүү динамикасы да бул эл аралык ишенимдин бекемделишине түздөн-түз таасир этпей койгон жок. Акыркы беш жылда Кыргызстанда туруктуулук күчөп, экономика олуттуу өсүш траекториясына чыкты. Ички дүң продукция 2 триллион сомго жакындап, консолидацияланган бюджет 2020-жылдагы 247 миллиард сомдон 2025-жылы 1 триллион сомдон ашып тарыхый деңгээлге жетти. Бул көрсөткүчтөр өлкөнүн каржылык мүмкүнчүлүгү кеңейип, мамлекеттик институттардын натыйжалуулугу жогорулаганын ачык айгинелейт. Мындан тышкары, мамлекеттик карыздын ИДПга болгон катышы 68%дан, 41%га чейин төмөндөп, ал эми алтын-валюта резервдери 9 миллиард долларга жетти. Бул факторлор Кыргызстандын финансылык туруктуулугун бекемдеп, эл аралык инвесторлордун ишенимин арттырды. Мамлекеттик каражаттар мурдагыдай күнүмдүк керектөөлөргө эмес, стратегиялык маанидеги энергетика, жол инфраструктурасы жана өндүрүштү өнүктүрүү сыяктуу ири долбоорлоруна багыттала баштады.

Эл аралык деңгээлде Кыргызстан “динамикалык өнүгүү жолундагы өлкө” катары бааланып, айрым глобалдык каржы институттары тарабынан Борбор Азиядагы эң ылдам өсүп жаткан экономикалардын бири катары көрсөтүлдү. Эл аралык валюта фонду жана “Дүйнөлүк банк” өлкөнүн өсүш динамикасын жогору баалап, ал эми эл аралык медиа платформалар Кыргызстанды “жаңы өнүгүү траекториясына чыккан мамлекет” катары мүнөздөп келет.

Айрым учурларда өлкөгө байланыштуу сөз эркиндиги же айрым институционалдык реформалар боюнча сын-пикирлер айтылып келгени менен Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары шайлоодо 142 мамлекеттин, анын ичинде Европа жана Батыш өлкөлөрүнүн да колдоо көрсөткөнү эл аралык ишенимдин кеңири экенин мактануу менен айтсак ашыктык болбойт. Эгер, өлкөнүн эл аралык бедели кай бир серепчилердин божомолдуу айтып жатканындай чындап алсыраган болсо, мындай масштабдагы дипломатиялык колдоого жетишүү мүмкүн эмес экени ким болбосун түшүнүктүү.
Бул шайлоо Кыргызстанды жөн эле эл аралык уюмдун мүчөсү катары эмес, глобалдык чечимдерди кабыл алуу процесстерине салым кошо ала турган жоопкерчиликтүү, тең салмактуу жана прагматикалык мамлекет катары таанытууга жол ачаары турган иш. Ошондой эле бул Борбор Азия регионунун эл аралык саясаттагы салмагы өсүп жатканын жана аймактын үнү дүйнөлүк деңгээлде барган сайын маанилүү болуп бара жатканын тастыктады.

Албетте, 142 мамлекеттин ишеними башта белгилеп кеткендей, Кыргызстандын дипломатиялык багыттагы жеңиши эле болбостон, өлкөнүн акыркы жылдардагы экономикалык секиригинин, институционалдык бекемделишинин жана эл аралык саясаттагы активдүүлүгүнүн натыйжасы экендигин, Кыргызстан кыска убакыттын ичинде туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, модернизацияланган мамлекет катары дүйнөлүк саясатта өз ордун бекемдеп жатканын көрсөттү.
Мындай жетишкендик Кыргызстандын мамлекет катары жетилгендигин, эл аралык системада өз ордун тапканын жана дүйнөлүк деңгээлдеги жоопкерчиликтүү өнөктөш катары таанылганын тастыктаган тарыхый бурулуш болуп, жаңы секириктерге кол жеткирди.

Күнболот Момоконов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X