Кыргызстандын камсыздандыруу сектору эл аралык деңгээлге чыгууда

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 171

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев Улуу Британиянын Лондон шаарына болгон иш сапарынын алкагында Берн союзунун (Berne Union) башкы кеңсесине барды.

Берн союзу – экспорттук кредиттерди жана инвестицияларды камсыздандыруу жаатындагы дүйнөдөгү эң ири эл аралык бирикме болуп саналат. Уюм эл аралык соодадагы камсыздандыруу стандарттарын калыптандырууда маанилүү роль ойнойт жана мамлекеттер аралык сооданы колдоого багытталган кызматташтыкты өнүктүрөт.

Иш сапардын жүрүшүндө Берн союзунун Секретариатынын директору Ив Холл (Eve Hall) жана Секретариаттын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Жолугушууда МКУ жакында эле Берн союзуна мүчө болуп кириши, ошондой эле 2026-жылдын ноябрь айында Япониянын Токио шаарында өтө турган Берн союзунун жылдык жалпы жыйынына (Annual General Meeting) катышуу маселелери талкууланды.

Бул иш-чараны Япониянын Экспортту жана инвестицияларды камсыздандыруу агенттиги (NEXI) уюштурат.

Эске салсак, 2026-жылдын май айында МКУ расмий түрдө Берн союзунун Прага клубунун комитетине мүчө болуп кабыл алынган.

Бул дүйнөдөгү экспорттук-кредиттик камсыздандыруу, кайра камсыздандыруу жана эл аралык сооданы колдоо жаатындагы эң ири эл аралык бирикмелердин бири болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө Берн союзу дүйнөнүн 67 өлкөсүнөн 86 уюмду бириктирип, дүйнөлүк сооданын болжол менен 13 пайызын камсыздандыруу аркылуу колдоого алат.

Берн союзунун жетекчилиги менен болгон жолугушуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүгө, экспорттук камсыздандыруу жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүүгө жана Кыргызстандын камсыздандыруу секторунун дүйнөлүк финансылык институттар менен байланышын чыңдоого өбөлгө түзөт.

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 171
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X