Кыргызстандын кант экспорту 9,3 миң тоннадан ашты

25-август, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 207

2026-жылы Кыргызстандан 9 357,3 тонна кант экспорттолду. Ата мекендик өндүрүштү күчөтүп, кантты тышкы рынокторго чыгаруу багытындагы иштер уланууда.

Быйыл өлкөдө кант кызылчасы 11 800 гектар жерге айдалды. Бул тармакты өнүктүрүү менен бирге өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө, кайра иштетүү өнөр жайын колдоого жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Айыл чарба тармагында кызылчанын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, заманбап агротехнологияларды киргизүү жана дыйкандар менен кайра иштетүүчүлөрдүн байланышын күчөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Министрлик айыл чарба продукциясын көбөйтүү, кайра иштетүү тармагын кеңейтүү жана кыргыз продукциясын жаңы тышкы рынокторго чыгаруу иштерин улантууда.

25-август, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 207
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X