Кыргызстандын мектептерине 671 миң жаңы окуу китеби жеткирилди

15-август, 2026-ж. / Редакция / Билим 109

Кыргызстандагы мектептерге жаңы окуу жылына карата «Орус тили жана окуу» предмети боюнча 671 миң  окуу китеби тапшырылды.

Окуу китептери 1-, 2- жана 5-класстарда кыргыз жана орус тилдеринде билим алган окуучулар үчүн арналган. Алар Кыргызстандын билим берүү программаларынын талаптарына ылайыкташтырылып даярдалган.

Китептер «Моя история» гуманитардык илимдерди колдоо фондунун демилгеси менен Россиянын Агартуу министрлиги жана Кыргызстандын Агартуу министрлигинин колдоосунда «Просвещение» басмаканасы менен биргеликте чыгарылган.Возможно, это изображение книга и текст

Китепти расмий тапшыруу аземине «Окуу китеби» басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов жана тиешелүү кызматкерлер катышты. Бул долбоор экинчи жыл катары менен ишке ашырылууда.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында эл аралык форумдар, методикалык семинарлар, олимпиадалар, окуучулар үчүн профилдик сменалар жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу программалары да өткөрүлүп келет.

15-август, 2026-ж. / Редакция / Билим / #китеп 109
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X