Кыргызстандын сабизи Россиянын аймагына экспорттоло баштады
Кыргызстандан Россиянын Пермь аймагына 20,7 тонна сабиз жеткирилди. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги кабарлап, сабиздер текшерүүдөн өтүп, аларды сатууга уруксат берилгенин билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы жылдары айыл чарба өндүрүмүнүн экспорту өсүүдө. Алсак, 2025-жылы бул тармактагы тышкы соода жүгүртүүсү 186,1 млрд сомго жетип, мурунку жылга салыштырмалуу 22%га көбөйгөн.
Ошол эле жылы сабиздин жалпы экспорту 8 405 тоннаны түзүп, негизги бөлүгү Россияга жөнөтүлгөн. Ал эми 2026-жылдын башынан бери 1 013 тонна сабиз экспорттолуп, анын 902 тоннасы Россияга жөнөтүлдү.