Кыргызстандын улуттук курама командасы Бангладешти 4-1 эсебинде утту
7-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн беттеште футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Бангладешти 4-1 эсебинде утуп алды.
Футбол оюнун көрүүгө Президент Садыр Жапаров дагы келген. Борборубузда «Үч улуттун кубогу» мелдеши өтүп жатат. Буга чейин Кыргызстандын курама командасы Палестиналык оюнчуларды 1-0 эсебинде уткан.
Белгилей кетсек, Эл аралык футбол мелдеши 2-сентябрда башталып, Кыргызстандын, Бангладештин, Палестинанын футбол командалары катышууда. Алдыда 9 -сентябрда өлкөбүздүн футбол боюнча курама командасы Бангладеш менен беттешет.