Кыргызстандын жаш адистери Шанхайда дүйнөлүк чемпионатка катышууда
Кыргызстандын жаш адистери Шанхайда өтүп жаткан кесиптик чеберчиликтин дүйнөлүк чемпионатында өлкөнүн намысын коргоп жатышат. WorldSkills Shanghai 2026 чемпионаты 22–27-сентябрь күндөрү Кытайдын Шанхай шаарында өтүүдө.
Кыргызстандын улуттук курама командасы быйыл дүйнөлүк чемпионатка жети компетенция боюнча катышууда. Өлкө атынан чыккан жаш адистер кесиптик чеберчилигин дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген мыктылар менен салыштырып, эл аралык тажрыйба топтоодо.
Кыргызстандын командасынын курамында:
-
«Ширетүү технологиялары» — Марлен Максатов, №22 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүсү;
-
«Кулинардык искусство» — Эльдар Омушев, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти;
-
«Мода технологиялары» — Ханифа Сыргакова, №18 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүсү;
-
«Өнөр жай дизайнынын технологиялары» — Биназир Мавлянова, «Nomad» колледжинин өкүлү;
-
«Графикалык дизайн технологиялары» — Мелисса Омурзакова, «Nomad» колледжинин өкүлү;
-
«Веб-технологиялар» — Бекнур Жееникулов, «Nomad» колледжинин өкүлү;
-
«Мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу» — Акай Аваскулов, «Nomad» колледжинин өкүлү.

Кыргыз делегациясы Шанхайга 16-сентябрда барып, чемпионат башталганга чейин уюштуруу жана техникалык процедуралардан өттү. Катышуучулар сынак өтүүчү аянтчалар, жабдуулар жана эл аралык мелдештин талаптары менен таанышты.
Жаш адистердин ар бири WorldSkillsтин эл аралык стандарттарына ылайык эксперттердин коштоосунда атайын даярдыктан өтүшкөн. Эми алардын алдында дүйнөлүк чемпионаттын сынактары турат.
Быйылкы мелдеште 64 компетенция боюнча 68 өлкө жана аймактан 1 385 жаш адис катышууда.
Кыргызстандын катышуусу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана «WorldSkills Kyrgyzstan» коомдук фонду тарабынан уюштурулду.
WorldSkills Shanghai 2026 — кыргызстандык жаш адистер үчүн жөн гана мелдеш эмес. Бул алардын дүйнөлүк стандарттарга жооп берген кесиптик деңгээлин сынап көрүп, жаңы технологияларды өздөштүрүп, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүүсүнө мүмкүнчүлүк берген эл аралык аянтча.
Кыргызстан WorldSkills кыймылына катышуусун акыркы жылдары ырааттуу кеңейтип келет. 2026-жылы өлкө WorldSkills International уюмунун толук укуктуу мүчөсү болду. Бул кадам кесиптик билим берүү тармагындагы студенттер, окутуучулар жана эксперттер үчүн эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жол түздү.
Эми кыргызстандык жети жаш адистин дүйнөлүк чемпионаттагы жыйынтыгы күтүлүүдө.