Кыргызстандын жаш театр ишмерлери Россиядагы эл аралык фестивалга катышты
Кыргызстандын жаш театр ишмерлери Россияда өткөн «ГИТИСФЕСТ. Театральное Приволжье 2026» эл аралык фестиваль-лабораториясына катышты.
Фестиваль 31-августтан 8-сентябрга чейин Нижний Новгород, Казань, Самара, Кострома жана Саратов шаарларында өттү.
Кыргызстандын атынан Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Бообек Ибраев атындагы Театралдык окуу жайдын студенттери барды.
Алар Николай Гумилёвдун «Өзгөрүүлөр дарагы» чыгармасынын негизинде даярдалган эскизди көрсөтүштү. Режиссёр-коюучу — Дмитрий Пуговкин.
Фестивалга Кыргызстан, Россия жана Кытайдан 200гө жакын жаш театр ишмери, анын ичинде 12 режиссёр катышып, чыгармачылык тажрыйба алмашты.
Кыргызстандык студенттердин эскизи 6-сентябрда Кострома шаарындагы Н. А. Островский атындагы мамлекеттик драма театрынын негизги сахнасында көрсөтүлдү.
Иш-чаранын алкагында ГИТИСтин педагогдорунун мастер-класстары, студенттер менен жолугушуулар жана театр искусствосу боюнча тажрыйба алмашуу иш-чаралары өттү.
Фестиваль жаш театр ишмерлеринин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана эл аралык маданий байланыштарды бекемдөөгө багытталды.