Кыргызстанга «AstraZeneca» вакцинасы келет
Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын билдирдисүндө, Кыргызстанга май айында коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасынын 420 миң дозасы келет. Бул вакцинаны Кыргызстанга алып келүү 2020-жылдын сентябрь айында макулдашылган.
Гульбара Ишенапысованын айтымында, буга чейин аталган вакцинанын терс таасири тууралуу маалымат тарагандыктан, Кыргызстанга вакцинаны алып келүү убактылуу токтотулган.
“Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму «AstraZeneca» вакцинасынын терс таасири жоктугу тууралуу корутунду чыгаргандан кийин, дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде бул вакцина менен эмдөө башталган. «COVAX» программасынын алкагында Кыргызстанга КМШ өлкөлөрү менен катар вакцина бөлүндү. Өзбекстанга 660 миң доза, Кыргызстанга 420 миң доза, Тажикстанга 290 миң доза бериле турган болду. Бул — биринчи этап, экинчи этапта Кыргызстан бөлөк вакцинаны да тандасак болот”,- деп билдирди борбордун директору.
29-марттан баштап өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Бүгүнкү күндө 3 миңге чукул адам эмдөөдөн өткөн.