Бүгүн, 7-октябрда, Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана ири долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Азербайжандын Portofino Development компаниясынын негиздөөчүсү Кянан Джалилов менен жолугушту.
Жолугушууда курулуш жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү багытындагы келечектүү инвестициялык долбоорлор каралды. Кянан Джалилов Азербайжанда ишке ашырылган ушул сыяктуу долбоорлордун тажрыйбасы менен бөлүшүп, аны Кыргызстандын шартында колдонуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады.
Равшанбек Сабиров инвесторлор үчүн өлкөдө түшүнүктүү эрежелерди жана мамлекеттик колдоо механизмдерин түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи. Ошондой эле АЭАлардагы мүмкүнчүлүктөр, салыктык жана башка жеңилдиктер, IT тармагына түзүлүп жаткан шарттар тууралуу маалымат берди.
Мындан тышкары, «Венчурдук каржылоо жөнүндө» мыйзам стартаптарга жана инновациялык компанияларга жеке капитал тартууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканын айтты.
Өз кезегинде Кянан Джалилов Кыргызстанда, анын ичинде «Асман» экологиялык шаарын өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар мындан ары консультацияларды улантып, кызматташуунун конкреттүү багыттарын иштеп чыгууга макулдашты.