Кыргызстанга Черногориянын тышкы иштер министри келет
Үстүбүздөгү жылдын 23–24-мартында Черногориянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович Кыргызстанга расмий сапар менен келет.
Сапардын алкагында ал Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушары пландалууда.
Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты талкуулашат.
Мындан тышкары эл аралык жана аймактык маселелер, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болот.