Кыргызстанга Гонконгдон инвестиция тартуу талкууланды
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Xinhua Panfeng Holdings Hong Kong Limited компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Тараптар инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнөр жай, инфраструктура, кайра жаралуучу энергетика, логистика, ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду улантып, сунушталган инвестициялык демилгелерди биргелешип иштеп чыгуу боюнча макулдашышты.