Кыргызстанга Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин келди

19-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 19

Кыргыз Республикасына Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин келди.

Белгилей кетсек, 19-20-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X